Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:41

В. Хон биринчи вице-премьер Ө.Бабановду айыптоодо


“ВООСТ” ишканасынын жетекчиси Валерий Хон Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабановду анын нефтебазасын мыйзамсыз ээлеп алган шылуун деп күнөөлөп жатат. В.Хон мындай билирүүнү бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, 2008-жылдын 1-июлунда “Мунай Мырза Базис” (ММБ) ишканасынын деректири Сагадылда уулу Жаныбек жана В.Хон нефтебазаны алып-сатуу боюнча келишим түзүшкөн. Келишимге ылайык В. Хон нефтебазанын бардык документтерин өткөрүп берип, сатып алган тарап ММБ 3 күндүн ичинде 5 млн. долларды атайын эсепке которуш керек болчу. Бирок ушул убакка чейин ал акча которулган эмес. ММБнын ээси Ө. Бабановдун энеси Анипа Бабанова, ал эми деректири алардын тууганы болот экен. Мен Ө. Бабанов шылуун экенин ар бир пункту боюнча далилдеп берем”, - дейт В. Хон. Ал эми адвокат Валерий Рябич А. Бабанова 2008-жылдын 28-майында каза болгонуна байланыштуу анын мүлкүнүн баарын баласы Ө. Бабанов ээлеп калаарын айтат. “Келишимге деректир Ж. Сагадылда уулу кол койгон. Менчик ээсинин уруксаты жок деректир кол койбойт. Мунун артында Ө.Бабанов турат”, - дейт В.Рябич. Бул маселе боюнча Ө. Бабановдун өзү менен байланышуу аракетибизден азырынча майнап чыкпай жатат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG