Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

Ооганстан: Обама ойлонуп көрөт


Ооганстан - Америкалык аскерлер Хелменд провинциясында кезектеги кайгоолдо.
Ооганстан - Америкалык аскерлер Хелменд провинциясында кезектеги кайгоолдо.

Ооганстанга кошумча аскер контингентин киргизерден обол президент Барак Обама бул иштин зарылдыгын салмактап, ойлонуп көрөт. Муну ал жекшемби күнү CBS телеканалындагы маектешүү маалында билдирди.

Ооганстандагы коалициялык күчтөрдүн башкы командачысы генерал Стэнли Маккристал 30-августта Пентагондун башчысы Роберт Гейтске жабык отчет жөнөтүп,эгер алдыдагы бир жыл ичинде бул өлкөгө кошумча контингент киргизилбесе, анда жалпы аскерий кампания ойрон болушу мүмкүн экенин эскертти. Генералдын докладындагы айрым урунттуу учурларды дүйшөмбү күнү "Нью-Йорк таймс" жана "Вашингтон пост" гезиттери жарыялашты.

Генерал жалпы кырдаалга "туура баа бергенин" белгилеп, анын позициясын президент Хамид Карзай колдоду. Бирок Ак үйдүн өкүлү Роберт Гиббс бышыктагандай, Ооганстанга толуктоо жиберүүнү суранган ырасмий кайрылуу Маккристалдан али түшө элек.Бери эле дегенде ал президент Обамага жете элек.

Ошол эле күнү мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон бул темага кайрылып,Ооганстандагы стратегия ийлене иштелип жатканын ырастады. "Ооган жериндеги иштерге тикелей катышып жаткандардын ой-пикирлерин,сунуштарын талдап,таразалап жатабыз,-деп айтты ал. - Алардын ичинде генерал Маккристалдын баяндамасын, албетте, кубаттайбыз. Бардык тыянактарды жана сунуштарды карап чыккан соң президент Барак Обама өз чечимин чыгарат".

Жекшемби күнү CBS телеканалындагы маек маалында Обама өзү да бул маселеге байланыштуу чечим кабыл аларда өтө катаң талаптарды коерун эскертти. "Менин башкы милдетим - өз элдибизди жана өз территориябызды коргоо. Ооганстан менен Пакистан бу жагынан өзгөчө маанилүү. Бирок бу жерде бир гана жагдай бар: биздин аскерлерде кызмат өтөп жаткан кишилерибизди дүйнөнүн кайсы бир бөлүгүнө жөнөтөрдөн обол мен мындай кадамдын биздин коопсуздук үчүн зарылдыгына көзүм жетип ынангым келет",-деп айтты Обама.

Байкоочулар мунун баарын ооган стартегиясы боюнча Обаманын администрациясында арсарсыган маанай түзүлгөнүнө жоруп жатышат. Быйыл мартта жарыяланган пландарда Ирактагы операциялардан бошотула турган контингенттин бир топ бөлүгүн Ооганстанга которуу каралган эле. Эми болсо Обама ошол чечкиндүүлүгүнөн эмнегедир кетенчиктей баштагансыды.

Эксперттер буга бир нече жүйөө бар дешет. Вашингтон Ооганстандагы быйылкы шайлоо жалпы жагдайды аздыр-көптүр жакшыртат деп ойлогон. Бирок Карзайдын массалык көз будамайга салган "жеңиши" бул үмүткө суу септи. Карзайдын ооган элин бириктире аларына Вашингтондун көзү жетпей калды.

Мындан тышкары жакындагы эле коомдук пикирдин натыйжасы АКШда калктын 58 проценти ооган согушуна каршы экенин көрсөттү. Бул өлкөгө кошумча аскер бөлүктөрүн жөнөтүү планын өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси,сенаттын куралдуу күчтөр иштери боюнча комитетинин төрагасы Карл Левин жана башка беделдүү демократтар колдошкон жок.

Иши кылып,бу маселеде бир жаңсыл чечим кабыл алардан мурда Обамага ойлоно турган омоктор табылды.

XS
SM
MD
LG