Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

В.Хондун Ө.Бабановго карата дооматы негизсиз


“ВООСТ” ишканасынын жетекчиси Валерий Хондун Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабановду анын нефтебазасын мыйзамсыз ээлеп алган шылуун деп күнөөлөгөн сөзүн “Вискар” компаниясынын деректири Ислам Каргабаев төгүнгө чыгарууда. Анын айтымында, В.Хон нефтебазаны сатуу тууралуу сунуш менен Ө.Бабановго өзү биринчи чыккан, бирок Ө.Бабанов бул тармакка тиешеси жок экенин билдирип, мунай базасын сатып алуудан баш тарткан. “Ошондон кийин В.Хон Ө.Бабановдун жээни менен сүйлөшкөн. Ал бир эле убакта башка бирөөлөр менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Келишимге кол коюлгандан кийин ал өзүнүн банктык эсеп счетун бербей качып кеткен. В.Хон бир гана “Мунай Мырза Базис” менен эле эмес Орусиянын компаниялары менен да соттошуп жүрөт. Ошондуктан бул атайын эле жасалган нерсе”, - дейт И.Каргабаев. Ал “Мунай Мырза Базис” ишканасы да бул тууралуу өз позициясын түшүндүрүп бере турганын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG