Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Өнүгүү фонду ири банктар менен кызматташат


Кыргызстандын өнүгүү фондунун Кыргызстандагы долбоорлорду кошо каржылашууга ири банктарды жана Эл аралык уюмдарды тартуу ниети бар.Бул тууралуу фонддун башкы директору Алексей Елисеев кечээ маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында фонд ипотекалык, лизингдик жана чакан кердит берүүчү компанияларды түзүүнү караштырууда. Мындай компаниялар жарандарга аз өлчөмдөгү төлөмдөрү бар займдарды бере алышат. Елисеевдин айтымында директорлор кеңеши АУБ, КICB, Демир Банк өңдүү ири банктар менен кызматташууну көздөөдө.
Өнүгүү Банкы Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын колдоо жана өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Орусиянын кредиттери ушул фонд аркылуу бөлүштүрүлүүдө. Елисеевдин айтымында экономиканы өнүктүрүүгө АКШ берери күтүлүп жаткан 20 млн. долларды башкарууну да фонд өзүнө алуу камын көрүүдө. Бул каражатты экономиканы өнүктүрүү боюнча кыргыз-америка фондуна бөлүүнү тараптар мурда макулдашкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG