Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

Балыкчыда дагы бир айыпталуучу убактылуу бошоду


Кечээ Балыкчы шаардык соту айыпталуучу, СДПнын координаторлорунун бири Асанова Айжаркындын баш коргоо чарасын өзгөрттү. Буга чейин 8 айыпталуучу ар кандай себептер менен камактан убактылуу бошотулган. Жалпысынан 23-июлдагы президенттик шайлоодо чыккан жаңжал боюнча 20 киши айыпталууда. Жаңжалдын уюштуруучусу саналган ЖК депутаты Кубанычбек Кадыровдун кылмыш иши Башкы прокуратуранын карамагында. Кадыровду депутаттык кол тийбестик укугунан парламент 18-сентябрда ажыраткан. Ал эми калган 19 кишиге байланышкан соттук териштирүү бүгүн уланат, сот 15-сентябрда башталган. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG