Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Германия БУУнун жыйыны тууралуу билдирүү жасады


Эгерде Иран президенти БУУнун саммитинде Холокост болгонун кайрадан танса, Германиянын делегациясы жыйынга катышпайт. Бул тууралуу Германиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Немис өкмөтү Евробиримдиктин башка өлкөлөрү да алардын жолун жолдорун кааларын министрликтин басма сөз өкүлү айтты. Өткөн аптада Иран президенти Махмуд Ахмадинежад “Холокост – бул далилсиз билдирүүлөргө негизделген жалган” деп айткан. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу билдирүү жасап, анда “Иран президентинин сөздөрү Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарынын элесин кемсинтүүдө” деп айтылат.

XS
SM
MD
LG