Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

"Ак жол" спиртке монополияны алууну колдоду


Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясында “Этил спиртин жана алкоголь продукцияларын өндүрүүнү мамлекеттик жөнгөрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү каралууда. Депутаттарга маалымат берген айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Искендербек Айдаралиев мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн максаты спирт өндүрүшүнө мамлекеттик монополияны алып, ишкерлерге спирт заводдорун курууга мүмкүнчүлүк берүү экенин билдирди. Анын айтымында, монополияны алуу менен бюджетке кошумча 700 миллион сом түшөт. Андан сырткары алкоголдук ичимдиктердин сапаты көтөрүлөт. Депутаттар өлкөдө аракечтиктин көбөйүүсүнө байланыштуу маселени да көтөрдү. Министр Айдаралиевдин маалыматы боюнча Кыргызстанда 34 миң аракеч расмий каттоодо турат. Алкоголду ичүү боюнча Кыргызстан Борбор Азия мамлекттеринин ичинен биринчи орунда турат. Буга байланыштуу аракечтикке каршы социалдык жарнамаларды күчөтүү сунушталды. Талкуу соңунда фракция мүчөлөрү мыйзам долбоорун жактырып, аны бейшемби күнү парламенттин кароосуна алып чыгууну чечти. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG