Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Э.Бөлөкбаевге байланыштуу сот келерки жумада күтүлүүдө


Адвокат Александр Типеровдон бүгүн алынган маалыматка караганда, “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевге байланыштуу соттук териштирүү келерки жумада башталышы күтүлүүдө. Тийиштүү материалдар Москва райондук сотуна тапшырылды жана маселе сот тарабынан кароо күнүн аныктоодо гана калып турат. Белгилүү болгондой Эркин Бөлөкбаевге апрель айылындагы Петровка айылындагы окуя боюнча айып коюлган. Бул кылмыш ишине “Жашылдар” партиясынын кеңсесинен табылган “президенттин карикатурасына” байланыштуу иш да кошулган. Ошондуктан эки кылмыш иши бириктирилип каралмакчы. Укук коргоочулар жана оппозиция бул тагылган айыптарды Жашылдар” партиясынын лидерине каршы саясий куугунтук катары баалашууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG