Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:03

Балыкчыда айрым күбөлөр көрсөтмөсүнөн баш тартууда


Бүгүн Балкчы шаардык сотунда 23-июлдагы Балыкчыдагы окуяны териштирүү улантылып, күбөлөр суралды. Айрым күбөлөр тергөө убагында берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартты. Маселен, №11 мектептин директору Зарылбек Калдыбаев сотто жабырлануучу жана күбө катары суралып жаткан. Ал мектептин дарбазасына нааразылык акциясына чыккандар зыян келтирди деп көрсөтмө берген. Бүгүнкү сотто Калдыбаев доо арызынан жана көрсөтмөсүнөн баш тартканын билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардагы жетекчилиги да мурдагы көрсөтмөсүнөн баш тартты. Соттук териштирүү түштөн кийин улантылат.Белгилүү болгондой Балыкчы окуясы боюнча сот 11-сентябрда башталган. Анда 19 кишиге 23-июлда президенттик шайлоо күнү массалык баш-аламандык уюштурган, конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө аракеттенген деген айыптар коюлган. Оппозиция 23-июлда Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери таза шайлоо талабы менен гана чогулганын, аларды тартип коргоо органдары себепсиз уруп-сабап таратканын билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG