Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Британия өзөктүк куралы бар кемелеринин санын кыскартат


Британ өкмөт башчысы Гордон Браун анын өлкөсү суу алдында жүрүүчү кемелеринин өзөктүк ракета орнотулгандарынын саны кыскартууга даяр экени жөнүндө БУУнун Коопсуздук кеңешинин өзөктүк куралды жайылппоо маселесине арналган атайын жыйынында жарыялаары күтүлүүдө. Жыйын бейшемби күнү болот. Учурда Британия өзөктүк куралы бар суу алдында жүрүүчү кемелерден төртөөгө ээ. Өкмөт алардын биринен айрылууну көздөп жатат.

Британияда азыр бюджет тартыштыгы абдан чоң. Бирок расмий өкүлдөрдүн айтымында, суу алдында жүрүүчү кемелердин ракетасы барларынын санын кыскартуу чыгымды азайтуу эмес, тескерисинче Британиянын куралсыздануу жагынан лидерлигин көргөзүү максатын көздөйт.

XS
SM
MD
LG