Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:11

Өкмөт башчы АКШда жолугушуулар өткөрүүдө


Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, премьер-министр Игорь Чудинов АКШга жасаган жумуш сапарынын алкагында 22-сентябрда «Microsoft» корпорациясынын вице-президенти Линда Зекер менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр өткөрдү. Бүгүн Игорь Чудиновдун Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта корунун жогорку жетекчилиги менен жолугушуусу белгиленген. Анда эл аралык финансылык уюмдар Кыргызстанда турмушка ашырып жаткан долбоорлор жана Кыргызстанга финансылык жардам көрсөтүү маселелери талкууланат. Бул күнү кыргыз өкмөт башчысынын АКШнын коммерция министрлигинде да жолугушуу өткөрүүсү белгиленген.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG