Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

АКШ жана Орусия президенттери жолугат


Барак Обама менен Дмитрий Медведев бүгүн Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны учурунда сүйлөшүү өткөрмөкчү. Бул эки лидердин Обама президенттик кызматка киришкенден бери үчүнчү ирээт кездешүүсү.

Медведев менен Обама Ирандын өзөктүк программасын, анын ичинде Тегеран уран байытуу жөнүндөгү талаптарды аткарбаганы үчүн ага каршы БУУнун санкцияларынын төртүнчү айлампасын киргизүү мүмкүнчүлгүн талкууламакчы. Орусия жакында, Иранга карата мындай чарага каршы чыкпоосу мүмкүн экенин ишара кылган.

Эки президент ошондой эле өзөктүк куралдардын кыскартылышына жетишүү боюнча биргелешкен аракеттерин, АКШнын ракетадан коргонуу планын да талкуулары күтүлүүдө.

Орусия өткөн аптада Обаманын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Польша менен Чехияда жайгаштыруу боюнча планды токтотуу жөнүндөгү чечимин кубаттады. Орусия ал планга катуу каршы чыккан болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG