Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

“Боинг-737” учагынын кыйрашына байланыштуу сот уланды


Биринчи Май райондук сотунда бүгүн уланган сот жараянында сегиз жабырлануучу көрсөтмө беришти. Алар негизинен учууну уюштурган кыргызстандык “Итек Эйр” абакомпаниясы менен Ирандын “Асеман эйр” аба компаниясынан доо айып төлөп берүүнү талап кылышууда. Бүгүнкү сот жараянында казакстандык жабырлануучу аталган аба компанияларынан 10 млн. сом доо өндүрүп берүүнү соттон суранды. Жабырлануучулар көрсөтмө берүүнү кийинки сот жараянында, 30-сентябрда улантышмакчы.

Белгилүү болгондой өткөн жылы 24-августта кыргызстандык “Итек Эйр” жана Ирандын “Асеман эйр” аба компаниялары уюштурган Бишкек-Тегеран каттамындагы “Боинг-737” учагы “Манас” аэропортунан абага көтөрүлүп, көп өтпөй кайра жерге кулап түшкөн. Натыйжада 65 киши каза тапкан, ал эми учактын экипражы аман калган. Авиакырсык үчүн учучтар Юрий Гончаров менен Тимофей Водолагин айыптуу деп табылган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG