Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Оштук атамекенчилер оппозициялык партиялардын биригишин колдобойт


«Ата Мекен» социалисттик партиясынын cаясий кеңешинин мүчөсү жана Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаевдин «Азаттыкка» кабарлашынча, көпчүлүк партиялаштары БЭКтин курамындагы уюмдардын бир партияга биригүү демилгесине каршы чыгууда. Алардын оюнча, партиялар амбициясы күч саясий лидерлердин менчиги эмес, ошондуктан кайчылаш көз караш күткөндөр менен эсептешпестен мажбурлап баш коштуруу жарандар арасында чоң эрегишке айланышы ыктымал. Ошентсе да, Бириккен Элдик кыймылдын курамындагы социал-демократиялык жана «Ата Мекен» партияларынын биригүү аракетин СДПнын Ош аймактык төрагасы Алымбай Кадыров башкаларга өрнөк болор көрүнүш катары баалап, көч баштаган эки уюмду ээрчигендер болочокто жаңылбай тургандыгын белгиледи. (ATo)

XS
SM
MD
LG