Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

Нарында мамлекеттик тил күнү белгиленди


“Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 20 жылдыгына арналган аземге Нарын облустук жана шаардык бийликтен жетекчилер катышкан жок. Тек Нарын шаар мэриясынын башкы адиси Кубат Мамырбаев куттук кеп айтып, 20 жылдыкка карата шаардык мекеме, уюмдар арасында дубал гезиттер сынагы болмоктугун, бирок бул кароого бала бакчалар гана катышып жаткандыгын өкүнүү менен белгиледи. Өлкөнүн Маданият жана маалымат министрлигинин Нарын облусу боюнча координатору Садыркул Нурмамбетов кыргыз тили өнүгүп өсүүдө экендигин белгилесе, Нарын мамлекеттик университетинин доценти, филология илим кандидады Мээрим Көлбаева кыргыз тил отоо чөптөр арасында калды деп билдирди. Салтанат азем облустук китепкананын кире беришинде өткөрүлдү. (KUs).

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG