Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:07

Парламент Жалал-Абад окуясына кайрылат


Жалал-Абадда 23-июнда болгон антитеррордук операция боюнча кабыл алынган токтомдун аткарылышы боюнча бүгүн Жогорку Кеңештин сессиясында маалымат берилери күтүлүүдө. Жогорку Кеңеш бул маселени 26-июлда жабык талкуулап, токтом кабыл алган.
Жалал-Абаддагы атайын операция учурунда куралчан 5 киши жок кылынып, алар жашынган үйдөн ок-дарысы менен 5 автомат, “Муха” гранатометтору, тапанчалар, гранаталар, ок-дарылар, жанкечтилер кийчү кара түс кийимдер табылган. Муну атайын кызматтар “Өзбекстан ислам кыймылынын” аракеттери катары баалашкан.
Жогорку Кеңештин сессиясында бүгүн жалпысынан он маселе каралганы жатат. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG