Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

ЖКда Х. Сулаймановго байланыштуу маселе каралууда


Кылмыштуу топту түзүүгө катышкан, коркутуп-үркүткөн, мыйзамсыз куралданган, диний жана улуттук араздашууларды козуткан, деп 2007-жылы соттолгон Хасан Сулаймановго коюлган айыптардын жеңилдетилип, анын боштондукка чыгуусуна байланыштуу маселе парламентте бүгүн каралууда. Депутат Алтынбек Сулайманов Хасан Сулайманов сотко 40 миң доллар пара берип, боштондукка чыгып кеткенин, андан кийин террордук иштерге кайрадан аралашканын парламенттин жайкы сессиясында билдирген. Белгилүү болгондой тартип коргоо органдары быйыл жай айларында Сузак жана Өзгөн райондорунда террордук топторго каршы операция жүргүзүп, ал топтун жетекчиси Хасан Сулайманов болгонун аныктаган. Депутаттар Хасановдун бошотулуп кетишин иликтөөнү парламенттин коопсуздук жана коргонуу комитетине тапшырып, алар тийиштүү иликтөөнү жүргүзүп, Хасан Сулайманов тартип коргоо органдарынын көзөмөлүнөн чыгып кеткенин аныктаган. Депутат Алтынбек Сулаймановдун маалыматы боюнча, 2006-жылы Кадамжай районунда кыргыз тартип коргоо органдары менен кагылышкан террордук топту Хусан Сулайманов жетектеген. Ал Хасан Сулаймановдун эгизи болгон. Бул окуядан кийин тартип коргоо органдары Хасан Сулаймановду камакка алышкан. Ага кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча айып коюулуп, 2007-жылы үч жылга кесилген. Бирок ал прокуратура, Жаза өтөө мекемелер башкармалыгы, соттордун кемчилиги боюнча мөөнөтүнөн мурда мунапыс менен бошоп кеткен. Андан кийин 2009-жылы Хасан Сулайманов террордук топту жетектеп, УКМКнын жоокерлери менен атышкан. Ал кагылышууда УКМКнын офицери Капар Маматов каза тапкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG