Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Чек арачылар Д.Ошурахунованы тосушту


Акыйкатчы алдындагы укук коргоочулар кеңешинин кабарлоосуна караганда, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованы бүгүн эрте менен “Манас” аба майданындагы чек ара бекетинен өткөрбөй коюга аракет жасалды. Чек арачылар Түштүк Африкада болгон семинардан кайткан Ошурахунованы“УКМК тарабынан кармалсын деген талап бар” деген себеп менен паспорттук көзөмөл өтүү учурунда кармоого аракет жасалган. Бир сааттан кийин чек арачылардын башка офицеринин кийлигишүүсү менен Ошурахунова паспорттук көзөмөлдөн өткөн. Укук коргоочулар кеңеши эмне үчүн “кармалсын” деген тапшырма берилгенин түшүндүрүүнү УКМК жана Чек ара кызматынан талап кылууда. Кыргызстан Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбеков бул окуяны иликтеп, жообун берерин билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG