Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

50 студент УКМКга арыз менен кайрылышты


Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин элүүгө чукул студенти дене тарбия сабагы боюнча кошумча төлөмдөргө нааразы болуп Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине арыз менен кайрылышты. Жаштар учурда бул маселе боюнча Ленин райондук прокуратурага да арыз менен кайрылууга ниеттенешүүдө. Бүгүн аталган окуу жайдын биринчи проректору Абдисатар Эргешов нааразы студенттер менен жолугушуп, жакын арада бул чатакты жайгаруу боюнча керектүү чаралар көрүлөөрүнө ишендерди. Башка ЖОЖдордо билим алган студенттердин Улуттук университеттин спорт залына келип машыгып кетүүсү үчүн каралган 300 сомду, окуу жай окуутучулары өз студенттеринен да “өндүрүп алууга” кынык алышкан. Бүгүнкү жолугушууда студенттер университетке караштуу жатаканаларга ордер алыш үчүн коменданттар тарабынан “талап кылынган” 200 сомду төлөөдөн да баш тартышаарын билдиришти. (EK)

XS
SM
MD
LG