Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

БУУ ядролук куралды жайылтпоого бел байлады


Ирандын алыс аралыкка учуучу "Шахаб-3" ракетасы. 9-июль 2008-жыл.
Ирандын алыс аралыкка учуучу "Шахаб-3" ракетасы. 9-июль 2008-жыл.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши ядролук куралдарды жайылтууну токтотуу жана куралсыздандырууга багытталган резолюцияны бир добуштан кабыл алды.

Өзөктүк куралдардын жайылуусун токтотуу боюнча резолюцияны Улуттар Уюмунун 15 мүчөлүү Коопсуздук Кеңешинин жыйынына төрагалык кылган АКШ президенти Барак Обама “тарыхый” деп сыпаттады:

Президент Обама БУУнун Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылууда.
- Биз дүйнөнү ядролук куралсыз кылуу боюнча орток милдеттенмебизди бекемдеген тарыхый резолюцияны кабыл алдык. Бул иштин жүрүшүндө Коопсуздук Кеңешинин ядролук коркунучту азайтуу боюнча келишимди кенен негизде түзүүсүнө алып барат.


АКШ демилгечиси болгон резолюция ядролук куралды жайылтууну токтотуп, куралсызданууну колдоп,
Россия президенти Д. Медведев (ортодо), Тышкы иштер министри С. Лавров (оңдо) жана Кремлдин тышкы саясат боюнча масилээтчиси С. Приходко (солдо) БУУнун Коопсуздук Кеңешинде.
“өзөктүк терроризмдин коркунучун азайтууга” чакырат.

Ал, ошондой эле, Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү жана Ядролук сыноолорду токтотуу боюнча келишимдерге кошула элек өлкөлөрдөн келишимге тезирээк кол коюуну сурайт.

Ядролук сыноолорду токтотуу боюнча келишимге Түндүк Корея, Индия жана Пакистан кол койо элек. Кошмо Штаттар, Индонезия, Иран, Израил, Египет жана Кытай келишимге кол коюшканы менен, алиге бекитише элек.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы эл аралык коомчулук Ирандын өзөктүк программасына тынчы кетип турган мезгилде кабыл алынды. Резолюцияда Түндүк Корея жана Иран аталбаса да, Кеңеш өзөктүк курал боюнча мурда кабыл алган жоболор кайталанат.

Британ премьер-министри Гордон Браун Кеңеш мүчөлөрүнө кайрылып, эгер Иран ядролук программасын токтотпосо, катаал чара
Британиянын өкмөт башысы Гордон Браун.
көрүү керек деген сунушун айтты:

- Ирандын аракети эларалык коомчулуктун тынч доорго жылышына тоскоол болушуна мүмкүнчүлүк бербөө керек. Ирандын эл аралык милдеттенмелерин бузганы тууралуу жаңы далилдерди алчу болсок, дагы катаал чара көрүүнүн жолдорун карап чыгышыбыз зарыл.
Полицай Ирандын президенти Ахмадинежадка каршы демонстрациянын катышуучуларын ирандык делегаттар токтогон мейманкананын маңдайынан кетүүнү суроодо. Нью-Йорк. 23-сентябрь.


Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясы да уланууда. Шаршемби күнү президент Ахмадинежад сессияда сүйлөп жатканда, Ирандын Улуттар Уюмундагы өкүлчүлүгүнүн маңдайында АКШ, Канада жана башка өлкөлөрдөн келген ирандыктар Иранда июнда болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгына ишенбегенин билдиришти.

Бейшемби күнү Парижде ирандык эмигранттар Тегерандын ядролук ишмердүүлүгүн тастыктаган маалыматтарды жана космостон тартып алынган сүрөттөрдү жарыялашты.

Сүрөттөрдө чындап эле ядролук обьектилер тартылганбы, али тастыктала элек. Ирандагы каршылык көрсөтүү боюнча Улуттук кеңештин билдиришинче, Иран эл аралык коомчулуктун талабына карабай, ядролук куралдуу болуу аракетин токтото элек.

XS
SM
MD
LG