Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:58

Аял укуктары Иорданияда да Кыргызстандагыдай


Иордания менен Кыргызстандагы адам укуктары жаатында көп проблемалар бири-бирине үндөш. Бул тууралуу Иорданиядагы Аялдар институтунун башкы координатору Асма Хадра журналисттер менен “Азаттык” үналгысынын Бишкек кеңсесиндеги жолугушуусунда билдирди. Укук коргоочунун айтымында Кыргызстандагыдай эле Иорданияда да аялдарды кемсинтүү: үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, сойкулук, көп аял алуучулук, коомдук иштерге аралаштырбоо башкы көйгөйлөрдөн. Иорданияда аялдар маселелери боюнча 300 чамалаш бейөкмөт уюмдары бар, алардын басымдуу бөлүгү аялдардын укуктарын коргоо жаатында аракеттешинет.
Асма Хадра Кыргызстанга адам укуктары жаатындагы даректүү тасмалардын “Бир дүйнө” эл аралык фестивалына катышуу үчүн келген. Фестивалды Кыргызстанда “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борбору уюштурууда. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG