Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Жогорку Сот Э. Каптагаевдин арызын октябрда карайт


БЭКтин мүчөсү Эмил Каптагаевдин көзөмөл арызын Жогорку Сот 13-октябрда карамай болду. Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Мукар Чолпонбаев “Азаттыкка” билдирди. Эмил Каптагаев Жогорку Сотко август айында көзөмөл арыз менен кайрылган болчу. Буга Каракол шаардык сотуна ишеним көрсөтпөө тууралуу арызынын соттун төмөнкү тепкичтерде колдоо таппаганы себеп болгон.
Каптагаевге Ысык-Көл облусунун губернаторунун мурдагы орун басары кезинде “Кумтөрдүн” алдындагы Өнүктүрүү корундагы каражатты максатсыз пайдаланган деген айып боюнча кылмыш иши былтыр кайрадан козголуп, соттук териштирүүлөр жарым жылдан бери созулуп келатат. Облустун мурдагы жетекчилери Эмилбек Анапияев менен Эмил Каптагаевге каршы "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды" деген айып менен 2002-жылы кылмыш иши козголуп, ал иш 2004-жылы токтотулган. (BuS)

XS
SM
MD
LG