Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Хасанды бошоткондорду жоопко тартуу сунушталды


Бүгүн парламент террорчу деп шектелген жана Коопсуздук Комитетинин 23-июндагы Жалал-Абад операциясында жок кылынган Хасан Сулеймановго байланышкан маселе боюнча токтом кабыл алат. Кечээ сессияда бул маселе талкууланып, токтом долбооруна толуктоолор сунушталган.
Террорчу деп шектелген Хасан Сулейманов 2007-жылы эки жылга шарттуу кесилип, бир нече айдан кийин мунапыс аркылуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Муну коррупциянын тыянагы деп санаган депутаттар кылмыш ишин караган прокурорлорго жана судьяларга кылмыш ишин козгоону, ошондой эле Жаза өтөө мекемелер башкармалыгындагы шарттуу жазалоо тармагынын ишин кайра карап чыгууну сунуштоодо. (BuS)

XS
SM
MD
LG