Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Жалал-Абад окуясы боюнча токтом кабыл алынды


Бүгүн Жогорку Кеңеш 2009-жылдын 23-июнунда Жалал-Абад облусунда болуп өткөн окуя боюнча токтом кабыл алды.

Кечээки парламент отурумунда 2009-жылдын 26-июнунда кабыл алынган Жогорку Кеңештин «Жалал-Абат шаарында 2009-жылдын 23-июнунда болуп өткөн окуя жөнүндө күч түзүмдөрүнүн маалыматы тууралуу» токтомунун аткарылышы жөнүндө Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитеттин төрайымы Лейла Сыдыкова маалымат берген.

Талкууда бир катар депутаттар Хасан Сулейменовго байланыштуу ишти прокуратура, сот органдарынын кызматкерлери акыйкатсыз жүргүзгөндүгүн айтып, буга тиешелүү кызматкерлерди жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү. Талкуу жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен кабыл алынды.

2009-жылдын 23-июнунда мурда өтө кооптуу кылмышы үчүн жеңилдетилген жаза алуу менен аз мезгил аралыгында мунапыс аркылуу кутулуп чыккан эл аралык террорист Хасан Сулейменов башында турган кылмыштуу топтун колунан кыргыз жоокери каза тапкан. Андан тышкары дагы алты адам өлгөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG