Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

Иса Ахунбаевдин эстелиги ачылды


Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын алдына илимпоз-кардиохирург Иса Ахунбаевдин эстелиги ачылды. Анын ачылышына премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева Бишкек мэринин орун басары Б.Исмаилов, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, медицина тармагындагы окумуштуулар, аталган окуу жайдын жамааты, студенттер катышты. Иса Ахунбаев 1908-жылы Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында жарык дүйнөгө келген. 1935-жылы Орто Азия медициналык окуу жайын бүтүрүп, Кыргызстандын саламаттык сактоо комиссариатынын башчысы болуп дайындалат. Ал 1959-жылы Борбор Азия тарыхында биринчи болуп жүрөккө операция жасаган. И.Ахунбаев медициналык институттун ректору, СССРдин Жогорку Кеңешинин үч жолку депутаты, Кыргызстандын илимдер академиясынын биринчи президенти болгон. 1975-жылы 5-январда автомобиль кырсыгынан каза болгон. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG