Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:41

Пакистанда учкучсуз учактын соккусунан он адам каза тапты


Окуя өлкөнүн түндүк –батышында болду. Пакистандын чалгын кызматынын билдиргенине караганда, бутага Түндүк Вазирстан чөлкөмүндөгү Мир Али кыштагынан ооганстандык талиб Жалалуддин Хаккани баштаган согушкерлер тобу алынгандай. Анын кол алдындагы согушкерлер Ооганстандагы эл аралык коалициянын күчтөрүнө кол салуу үчүн чек арадан такай өтүп турат. Болжолдуу маалыматтарга караганда, ракеталар менен сокку урган учкучсуз учак АКШнын күчтөрүнө таандык.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG