Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Кышында 11 миң бала үйдө отурууга мажбур болот


Кышкысын жылуулук жок болгонуна байланыштуу айрым бала бакчалар, мектепке чейинки мекемелер иштебей, 11 миңден ашуун бала үйдө отурганга мажбур болушат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат учурунда депутат Галина Куликова билдирди. Анын айтымында, эл аралык уюмдардын көмөгү менен эл аралык уюмдардын көмөгү менен 300дөн ашуун мектепке чейинки мекемелер түзүлгөн. Өкмөттүн токтому менен алар жергиликтүү бийлик органдарынын балансына өткөрүлүп берилген. "Демек ошолор жылуулук боюнча кам көрүш керек болчу. Бирок бала бакчалар кышында эмес, азыр эле суук”, - деди Г.Куликова. Депутат айым ушул себептүү балдардын кышында үйдө отуруп калаарын, бул Баш мыйзамга жана эл аралык конвенцияга каршы келерин белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG