Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Президент көлдүк баатырларга белек тапшырды


Бүгүн өлкө башчысы Курманбек Бакиев Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы музыкалык-драматеатрда болуп өткөн Ысык-Көл облусунун 70 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу чогулушта чыгып сүйлөгөн сөзүндө, башкаруу системасын реформалоону аягына чыгарарын айтты.

Ал өкмөт тарабынан Ысык-Көл облусундагы жолдорду оңдотууга, социалдык обьектилерди курууга, туризм багытына, айыл чарбасына өзгөчө көңүл бөлүнөрүн белгилеп, Ысыккөлдүн күнгөй менен тескейин байланыштыруучу жолдун долбоору иштелип чыгып, банктар менен аны каржылоого байланышкан маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле облустун машина-трактордук станциясын түзүү үчүн 70 трактор жана комбайн алууга мүмкүнчүлүк берген сертификатты, ал эми Социалисттик эмгектин баатырларына автомобилдердин ачкычтарын тапшырды.

Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Таштанбек Акматовго «Тайга» ВАЗ 2121, Социалисттик эмгектин баатырлары Мария Жумадыловага, Довгаль Татьяна Андреевнага, Үмүткөр Рысмамбетовага, Кайры Мукашевага ВАЗ 2107 автомашинасынын ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG