Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Жаштар реформа боюнча концепция түзөт


Бул тууралуу жаштар “Реформалар жаштардын көзү менен” деп аталган талкуу учурунда билдиришти. Алар жаштар мамлекеттик башкарууну реформалоодо кандай салым кошо алат, кандай жаңы технологияларды иштеп чыгуу зарыл, реформаны ишке ашыруудагы коркунучтар жана тобокелдер, башкаруу системасында жаш адистерди кантип даярдаш керек деген төрт маселени талкуулашты. Жаштар департаменти менен “Кебел” жаштар кыймылы уюштурган иш-чара бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болду. Уюштуруучулар мындай талкууну башка окуу жайларда да өткөрөрүн, концепцияда башкаруу системасын реформалоо боюнча жаштардын сунуштары камтыларын кабарлашты. Президент Курманбек Бакиев ушул айдын башында көп тармактуу реформа жүргүзүү ниетин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG