Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

“Ал-Каида” Германияны кайрадан коркутууда


Бул террорчул уюм Германияда ушул жекшембиде өтүүчү парламенттик шайлоону утурлай аны коркуткан билдирүүсүн соңку бир аптада ушуну менен үчүнчү ирээт жасады. Исламчылардын интерет сайтына мониторинг жүргүзгөн америкалык IntelCenter уюмунун маалымдаганына караганда, Германиянын дарегине багышталган соңку коркутуу “ал-Каиданын” Абу Талха ал - Алмани ысымдуу адамынын Интернеттеги видеокайрылуусунда айтылган. Теги боюнча марокколук Абу Талха Германиянын Бонн шаарынан чыккан деп эсептелинет, жашы 32де. Ал мурдараак немистерди өкмөтүн өзгөртүп, Ооганстандан аскерлерин алып кетүүгө чакырган. Болбосо “жаман ойгонушарын” эскерткен.
XS
SM
MD
LG