Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Депутат казак көмүрүн ташууга тыюу салууну козгоду


Бул тууралуу депутат Роза Отунбаева бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн кышка даярдык боюнча баянынан кийин билдирди. “Мыйзам чегинде тыюу салмайын Казакстандан көмүр ташып келүү улана берет. Бул иштен кайсы бир адамдардын тобу чоң киреше көрүп, андан айрылгысы келбей жатат. Ошондуктан Таш-Көмүр, Сүлүктү сыяктуу көмүр кени бар аймактар өнүкпөй келет”, - деди Р.Отунбаева. Ал эми депутат Бейшенбек Абдырасаков маселенин башка өңүтүн алып чыкты. Ал ар бир үйдө 5 тоннадан кем эмес көмүрдүн запасы болуш керектигин, ал үчүн баасын да элге ылайыктап чыгаруу зарылдыгын белгиледи. “Ар бир үйдө көмүр жетиштүү болгондо гана электр энергиясын уурдоо жоголот. Ошондой эле совет учурундагыдай жергиликтүү көмүр кендерин өнүктүрүш керек”, - деди Б. Абдырасаков. (КЕ)

XS
SM
MD
LG