Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ролун көтөрүү макулдашылды


Дүйнөнүн өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан жыйырма өлкөсүнүн лидерлеринин эки күндүк саммити АКШнын Питтсбург шаарында өтүүдө. Анда жетишилген макулдашууга ылайык өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ролу эми дүйнөлүк экономикалык маселелдерди чечүүдө жогорулайт. Ак үйдүн кечээги билдирүүсүнө караганда, мындан ары эл аралык экономикалык кызматташтыктын маселелерин талкуулоочу башкы форум Чоң жыйырманын лидерлеринин жолугушуусу болот. Дипломаттардын айтымында, бул Чоң жыйырма өнүккөн өлкөлөрдүн чакан тобунун ордун ээлейт дегенди билдирет.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Япониянын лидерлери акыркы 30 жылдан ашуун убакыттан бери дүйнөнүн экономикалык маселелерин чечүү үчүн жыл сайын чогулуп келген. СССР кулагандан кийин бул топко 1992-жылы Орусия да кошулган. Чоң сегиздин тобу алдында эл аралык коопсуздук маселелери боюнча жолугушуусун улантмакчы.

Курамына Кытай, Индия, Бразилия сындуу экономикасы ыкчам өнүгүп келе жаткан өлкөлөр кирген Чоң жыйырманын тобу биринчи саммитин былтыр ноябрда глобалдык экономикалык кризис чыккандан кийин өткөргөн.

XS
SM
MD
LG