Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Үч өлкө Иранды айыптады


АКШ, Британия жана Франциянын лидерлери Чоң жыйырманын тобуна кирген мамлекеттердин АКШнын Питтсбург шаарындагы саммити учурунда чыгып сүйлөшүп, Ирандын аракеттеринин коркунучтуулугун белгилешти. АКШ президенти Барак Обама Тегеранды уран байытуучу экинчи заводунун курулушун бир нече жылдан бери жашырганы үчүн айыптап, бул жааттагы эл аралык эрежелерге баш ийүүнү талап кылды. Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭни Ирандын экинчи заводу тууралуу маалыматты тезинен иликтөөгө чакырды:

-Мындай жайдын бардыгы Ирандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын жана МАГАТЭнин талаптары боюнча милдеттемесин аткарбоону улантуу ниетин баса көргөзүүдө. Биз МАГАТЭ бул кооптондурган маалыматты тезинен иликтеп, МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешине билдирет деп күтөбүз.

АКШ президенти ага катар Ирандын аракеттери өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча глобалдык режимдин негизги принцибине тикелей чакырык экенин белгилеп, Тегеран эл аралык коомчулуктун ишенимин тезинен калыбына келтиргидей чара көрүүсү үчүн мезгил жеткенине токтолду.

Иран МАГАТЭге уран байытуучу экинчи заводду куруп жатканы тууралуу маалымдаганы жөнүндө бүгүн эртең менен белгилүү болгон. МАГАТЭнин өкүлүнүн айтымында, Иран өз катында курулуп жаткан завод электр кубатын өндүрүү үчүн тынчтык максатында гана өзөктүк отун чыгарарын айткан.

Буга чейин Иран уран байытуучу жайлардан бирөө гана бардыгын моюнга алган эле.

Байытылган уранды өзөктүк отун катары, ошол эле учурда өзөктүк курал жасоо үчүн да колдонулат.

Уран байытууну токтотуу жөнүндөгү талаптарды аткарбаганы үчүн БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга каршы үч ирээт санкция киргизген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG