Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:59

Ээнбаш айдоочуга кылмыш иши кайра ачылды


Бул туурасында “Азаттыкка” Акыйкатчы аппаратынын аял жана балдар укуктарын коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Альберт Көлөйпов билдирди. Анын айтымында учурда айдоочуну бошотуп, ишти жаап койгон Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кызматтан алынды. Айдоочу Макен Кермалиевге карата кылмыш иши кайра ачылды. Ошондой эле Акыйкатчы аппараты 5 жашар кыздын колунун кесилгенине байланыштуу Cаламаттыкты сактоо министрлигине иликтөө жүргүзүүчү атайы комиссия түзүү өтүнүчү менен кайрылды. “Учурда Ширинге жасалма кол салып берүү үчүн эл аралык уюмдар менен бирдикте Германиядагы дарыгерлер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат”,-дейт Альберт Көлөйпов.
Жайында Бакай-Ата районунун Маданият айылынын кичинекей тургуну 5 жашар Ширинди айдоочу Макен Кермалиев тебелетип кетип, ал эки колунан айрылган. Бирок бул факт боюнча кылмыш иши аягына чейин жеткирилбей жабылып калган. Учурда бул ишке Акыйкатчы аппараты көзөмөл жасоодо. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG