Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

Үрүмчүдөгү тополоң үчүн 21 адам айыпталды


Кытайдын мамлекеттик Синхуа маалымат агенттиги билдиргенине караганда, быйыл июлда Кытайдын Уйгур автономиялык аймагында кытайлар менен уйгурлардын ортосунда чыккан этностор аралык кагылышуу үчүн 21 адамга айып тагылды. Аларды адам өлтүргөн, өрт чыгарган, талап-тоноочулукка барган деген өңдүү кылмыштар боюнча айыпташты. Июлдагы кагылышууларда бери дегенде 197 адам (башка маалыматтарда - бир нече жүздөгөн киши) өлгөн. Айыпталгандардын ичинде сегиз киши бүт балакеттин башында турган делет. Алардын алтоо уйгур, экөө кытай экени айтылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG