Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:14

Ирандын жаңы заводун МАГАТЭ текшерет


Ирандын Атомдук уюмунун жетекчиси Али-Акбар Салехи өлкөдө уранды байытуу боюнча жаңы курулган заводдун ишин Атомдук Кубаттуулук боюнча Эларалык уюмдун инспекторлору текшере турганын билдирди. Бирок текшерүү качан болоорун тактаган жок. Бул "Иран менен МАГАТЭ ортосунда кызматташуунун форматын аныктоо үчүн жасалып жаткан аракет" экени айтылды. Иран уран байытуучу дагы бир завод курганы кечээ дайын болгон. Тегеранды бир топ дүйнөлүк лидерлер ал үчүн айыпташкан эле. Анткени Батышта бир топ мамлекеттер Тегеран уранды атомдук бомба жасаш үчүн байытып жатат деп эсептешет. Иран болсо муну четке кагууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG