Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

Ошто газ карызын өндүрүү боюнча штаб түзүлдү


Штабды вице-мэр Алымжан Байгазаков жетектөөдө. Анын «Азаттыкка» билдиришинче, газ урунган шаардыктардын карызы 72 миллион сомдон ашты. Ошол себептүү алардын бардыгынын көгүлтүр оту 24-сентябрдан тартып толук өчүрүлдү. Кечээтен баштап штаб мүчөлөрүнөн куралган 24 топ 3600 кардардын үйүн кыдырып, 620 миң сомдон ашуун каражат чогултту. Газды пайдалануу эрежесин бузган алты кишинин иши Каржы полициясына тапшырылды. Өзбекстан тарап Кыргызстан газ үчүн жалпысынан 18 миллион доллар бересе экендигин белгилеп, андан толук кутулбаса, маселе чечилбей тургандыгын билдирген. Учурда «Кыргызгаз» ишканасынын жетекчиси Саламат Айтикеев Ташкен шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Акыркы кабарга караганда, Өзбекстан карыздан кутуулуу үчүн Кыргызстанга беш күндүк мөөнөт берди, бирок бул талапты аткарууга мүмкүн эмес. Оштук серепчилердин байкашынча, расмий Бишкек жаратылыш байлыктарын керектүү өлчөмдө пайдалануу жаатында Ташкен менен теңата сүйлөшө албагандыктан, жогорудагыдай көрүнүш жыл сайын кайталанып келатат. Ошон үчүн Кыргызстан өлкөнүн отун-суу коопсуздугун камсыз кылуу максатында чукул арада көйгөйдөн арылуунун альтернативдүү варианттарын ишке кийирүүсү зарыл. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG