Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Германияда жалпы улуттук шайлоо өтүп жатат


Парламенттин төмөнкү палатасы – бундестагга – ат салышып жаткан партиялардын ичинде эң алдыңкы катарда азыркы немис канцлери Ангела Меркелдин жетекчилигинде христиан-демократтар жана азыркы Тышкы иштер министри Франк-Уолтер Штайнмайердин социал-демократтары турушат. Ангела Меркель, алдын ала сурамжылоолорго караганда, экинчи мөөнөткө канцлер болуп калышы ыктымал болуп турат. Бирок анын консервативдүү маанайдагы христиан-демократтары өкмөттү өз алдынча түзүш үчүн жетиштүү добуш ала албай калышы да мүмкүн экени айтылууда. “Ал-Каида” террор уюму немистер Ооганстанга аскерлерин жиберген өкмөттү колдой турган болсо, Германияда теракттарды уюштура турганын айтып, коркутушкан. Ошондуктан бүгүн Германияда коопсуздук чаралары өзгөчө күчөтүлгөнү кабарланууда. Ооганстанда 4 200 немис аскери бар.

XS
SM
MD
LG