Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:58

Балыкчы окуясы боюнча сот 29-сентябрда уланат


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын маалымдоосуна караганда, келе жаткан шейшемби күнү күбөлөрдү суракка алуу улантылат. Анда ушул жумада сот жараянына келбей жаткан Балыкчы шаарынын башчысы Таланат Өмүркуловдун күбө катары суракка алынышы да күтүлүүдө.

Балыкчы окуясы боюнча 19 кишиге 23-июлдагы президенттик шайлоо күнү массалык баш-аламандык уюштурган, конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө аракеттенген деген айыптар коюлган. Оппозиция 23-июлда Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери таза шайлоо талабы менен гана чогулганын, аларды тартип коргоо органдары себепсиз уруп-сабап таратканын билдирип келет. (SA)

XS
SM
MD
LG