Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:09

Уу калдыктары - Борбор Азиянын башкы маселеси


Бул тууралуу кыргыз премьер-министри Игорь Чудинов ушул жумада өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын климаттын өзгөрүү проблемаларына арналган Нью-Йорк сессиясында сүйлөгөн сөзүндө айтты. Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстандагы уу зат калдыктарын сактоочу жайлар Борбор Азия аймагы үчүн өзгөчө коркунуч жаратууда. Бул коркунучтун күчөшүнөн жаратылыш кырсыктары, суу ташкындары аймакта экологиялык катастрофага алып барышы ыктымал:

- Биз региондогу уран калдыктарына байланышкан маселени түп тамырынан чечүү үчүн чет элдик донор шериктештерден жана эл аралык уюмдардан тез арада чечим кабыл алуу менен регионго бул жаатта каржылык, техникалык жана башка жардамдарды берүүгө чакырып кетет элек, - деди премьер-министр Игорь Чудинов. (SA)

XS
SM
MD
LG