Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Өлкө түштүгүндө 7 кг.га жакын маңзат кармалды


Маңзатты көзөмөлдөө агенттигинин басма сөз кызматынын өкүлү Таалай Ырысбаев «Азаттыкка» кабарлашынча, «Канал-2009» иш-чарасынын алкагында бир жумалык операция өткөрүлдү. Ага бажы, чек ара, маңзатты көзөмөлдөө, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери катышты. Апта ичинде 3 кило 676 грамма героин, 2 кило 110 грамм апийим жана бир кило кара куурай кармалды. Жалпысынан баңгизатка байланышкан тогуз факты катталып, бардыгы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Деген менен айрым серепчилердин пикиринде, утурумдук иш-чаралар менен маңзат ташылган каналдарга бөгөт коюу кыйын. (ATo)

XS
SM
MD
LG