Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

УТРК-“Азаттык” кызматташтыгы жанданышы ыктымал


Бул жөнүндө “Азаттык” үналгысынын угармандар кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаров билдирди. Анын айтымында, “Азаттыктын” үналгы жана сыналгы берүүлөрүн улуттук биринчи каналда калыбына келтирүү жөнүндө кайрылуу катка берген жообунда УТРКнын башкы деректири Мелис Эшимканов “Азаттык” менен жаңы келишим түзүп иштөө мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын билдирген экен. “Азаттык” менен УТРКнын “Ыңгайсыз суроолор”, “Азаттык плюс” аталыштагы биргелешкен сыналгы долбоорлорун улуттук каналдан көрсөтүү өткөн жылдын октябрь айында токтогон. УТРК “Азаттыктын” берүүлөрүндө оппозицияга жан тартуу көбүрөөк деген негизде келишимди бир тараптуу токтоткон. Бир эле учурда УТРК “Азаттыктын” үналгы берүүлөрүн экинчи улуттук радио каналдан уктурууну да токтотуп койгон. “Азаттык” өз кезегинде эч жакка жан тартпаган бейтарап жана калыс маалымат булагы экенин байма-бай баса белгилеп, кызматташууну калыбына келтирүү тилегин ачык билдирип келатат. (KCh, EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG