Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

"Хьюман Райтс Уоч" орус бийликтерин сындады


"Хьюман Райтс Уоч" эларалык уюму орус жетекчилиги адаттагыдай эле Адам укуктары боюнча Европа сотунун чечимдерин көз жаздымда калтырууда деп сындады. Уюмдун айтымында, сот Чеченстан боюнча чыгарган чечимдеринде орус расмий адамдары бир катар адам өлтүрүү, адам уурдоо же кыйноолор үчүн жооптуу деп тапкан. Россия соттун чечимдеринде көрсөтүлгөн шектүү адамдарды сот жообуна тарта алган жок, - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө. "Хьюман Райтстын" билдирүсүнө орус өкмөтү тарабынан расмий жооп боло элек. Президент Дмитрий Медведев россиялыктар өлкөнүн сотторуна ишенбей, көпчүлүк убакытта жардам үчүн Европа сотуна кайрылаарын өзү моюнга алган.

XS
SM
MD
LG