Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:55

Акыйкатчы аппаратына эл аралык уюмдар кийлигишүүдө


Акыйкатчынын орун басары Мамат Момунов “Кылым шамы”, “Психикалык саламаттык”, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы жана башка бейөкмөт уюмдар, БУУнун өнкүктүрүү программасы (ПРООН) эл аралык уюму Акыйкатчынын аппаратынын ички саясатына кийлигишип, кайсы бөлүмдөрдү кыскартуу керектигин буйрук түрүндө таңуулап жатат, деп маалымат жыйынында билдирди.
Ал ошондой эле массалык маалымат каражаттарында анын өз каалоосу менен кызматтан кетти деген маалыматтарды четке какты. М.Момуновдун айтымында, Акыйкатчынын орун басарын кызматтан алуу же кызматка коюууну парламенттин жалпы отуруму чечет. Акыйкатчы институтунун көпчүлүк кызматкерлери кадрлык өзгөрүүлөргө каршы экендиктерин кошумчалады.
Акыйкатчы Турсунбек Акундун пикиринде анын орун басарынын маалымат жыйынындагы мындай билдирүүсү Акыйкатчы институтунда сөз эркиндигине кеңири орун берилеринен кабар берет. Ал эми “М.Момунов 4-октябрда кызмат мөөнөтү аяктап жаткандыгына, менин парламентте орун басарлык кызмат боюнча маселенин каралышы боюнча сунушума нааразы болууда”,-дейт Т.Акун. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG