Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Ж.Сорос менен И.Чудинов жолугушту


25-сентябрда Нью-Йоркто белгилүү финансист жана филантроп Жорж Сорос менен премьер-министр Игорь Чудинов жолугушуп, Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалына дүйнөлүк каржы кризисинин тийгизген таасири, бүджеттин ачыктыгы жана көзөмөлдөгүсү тууралуу маселени талкуулашты. Бул тууралуу “Сорос-Кыргызстан” корунан билдиришти. Маалыматка караганда, Жорж Сорос кыргыз делегациясына каржылык-экономикалык кризистен жабыркаган 20 өлкөгө 100 млн. доллар көлөмүндө жардам берүү боюнча демилгесин билдирип, алардын арасында Кыргызстан дагы бар экендигин белгилеген.
Сорос кору 1993-жылдан бери Кыргызстанга кайтарымсыз 56 млн. доллардан ашуун каражат берген. (AJ)

XS
SM
MD
LG