Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Укук коргоочулар резолюция кабыл алышты


“Менин тандоомдун мезгили” бейөкмөт уюмдар бирикмеси өткөргөн тегерек үстөл жыйынында Кыргызстанда “Жарандардын куралсыз, тынч чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укуктары жөнүндө” мыйзамдын начарлашы, укук коргоо органдарынын аталган мыйзамдын нормаларын жакшы билишпестиги талкууланды.
Жыйын соңунда тегерек үстөлдүн катышуучулары резолюция кабыл алышып, “Жарандардын куралсыз, тынч чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укуктары жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуу зарыл экендиги белгиленди.

“Менин тандоомдун мезгили” бейөкмөт уюмдар бирикмеси 23-мюлдагы президенттик шайлоого чейин жана президенттик шайлоодон кийин “Тынч жыйынга чогулуу, куралсыз эркин митингдерди жана демонстрация өткөрүүгө жарандардын укугу жөнүндө” маселени эксперттердин, депутаттардын, мамлекеттик органдардын, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек үстөл жыйынын өткөрдү. (AJ)

XS
SM
MD
LG