Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Канцлер Ангела Меркелдин түйшүгү көбөйдү


Парламенттик Жашылдар партиясынын шайлоодогу плакаты.
Парламенттик Жашылдар партиясынын шайлоодогу плакаты.

Экинчи мөөнөткө канцлер шайланган Ангела Меркел Эркин демократтык партия менен Германиянын жаңы өкмөтү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады

Жекшемби күнкү шайлоодо парламенттеги көпчүлүк орунга ээ болгон ХДС/ХСС блогу жаңы өкмөттү 9-ноябрга же Берлин коргонунун кулашынын 20 жылдык мааракесине чейин түзүүгө кызыкдар.

Канцлер Ангела Меркел дүйшөмбү күнү кабарчылар менен жоулкканда жаңы курама өкмөттү түзүү жөнүндөгү сүйлөшүүлөрдү создуктурбай баштаарын айткан эле:

Канцлер Ангела Меркел Христиан-демократтар союзу- ХДСтин жетекчилиги менен. Берлин. 28-сентябрь 2009-ж.
–Мен бул ишти ыкчам бүткөрүүнү каалайм. Бирок тездик сапатка зыян тийгизбеш керек. Германия тез жаңы өкмөттүү болууга акылуу
.

Меркел, ырас эле, 28-сентябрда түш оогондо "эркин демократтардын" лидери Гидо Вестервелле менен кездешти. Өкмөт түзүмү боюнча сүйлөшүүлөр аябай татаал болору болжолдонууда. Меркел башындагы ХДС/ХСС биримдиги 241 мандатка ээ. Бул акыркы алтымыш жылдагы эң начар көрсөткүч. Христиан-демокрттар өкмөт курууга чакырган Эркин демократтар парламентте 93 орунга ээ жана тышкы иштер, экономика жана юстиция министрликтерине көз артышууда.

Эркин демократтарды шайлоочулардын 15 проценти колдоду. Бул төрт жыл мурдакыга караганда 5 процентке көп. Серепчилердин айтышынча, христиан-демокрттар менен чоң коалицияга кирген социал-демократтардын акыркы төрт жылдагы тирешинен аарыган шайлоочуларр либераладар үчүн добуш беришкен. Натыйжада, Штайнмаейр жетектеген карт Социал-демократтык партия соңку 65 жылда эң чоң жоготууга учурап, аргасыз оппозицияга кетти.

Меркел анын тарапкерлери Бундестагда көпчүлүктү түзгөнү зарыл мыйзамдарды эркин-демократтарсыз өткөрө албасын түшүнөт. Муну
Эркин демократтар партиясынын ана башы Гидо Вестервелле 28-сентябрдагы пресс-конференцияда.
жакшы билген ЭДПнын төрагасы Вестервелле өз программасында бекем турарын ачык эскертти:

-Биздин программабыз алдыдагы сүйлөшүүлөрдө биздин компасыбыз болору анык. Эл программабыз үчүн бизди колдоду. Албетте, адилет сүйлөшүүдө аны мүмкүн болушунча бекем карманабыз. Жумушчулар үчүн биздин экономикалык программабыздан мыкты эч нерсе жок. Ал жумушчуларды окутуп, жумуш орундарын түзөт.

Вестервелле башындагы ЭДП салыктарды тез жана чоң өлчөмдө кыскартуу, өкмөттүк чыгымдарды азайтуу, мамлекеттик ири ишканаларды менчиктештирүү, жумушчуларды ишке алууда жана бошотууда ийкемдүүлүк зарыл деп эсептейт.

Ангела Меркел экономиканы ырааттуу реформалоонун жактоочусу. Бирок да, турмуш чындыгы Меркелдин жаңы өкмөтү алдына карама-каршылыктуу проблемаларды коюууда. Алардын эң оору-салык маселеси. Шайлоо өнөктүгү учурунда христиан-демократтар салыкты 15 миллиард еврого кыскартабыз деп сөз беришкен. Өкмөт болсо келерки жылга чыгымдарды эки эсеге же 86 миллиард еврого
Мыяткерликке каршы жүрүш. Германия. Июнь 2009
көбөйтүүнү пландаган. Бюджеттин кемтиги эмки жылы ички дүң жыйымдын 6 процентине чыгат.

(Бул Евробиримдиктин нормасынан эки эсеге көп). Жумушсуздук азыркы 8 проценттен 10 процентке жетет
Немец улутчулардынын иммграцияга каршы чакырган плакаты. Бул да Меркел үчүн бир түйшүк.
деп болжолдонууда. Бул казына үчүн кошумча жүк.

Ошентип, Меркелдин жаңы өкмөтү алдында чечкиндүү реформага баруу менен стабилдүүлүктү сактоо милдети турат, дейт Германиянын экономикалык изилдөөлөр институтунун башчысы Клаус Зиммерман.

Серепчилердин пикиринче, Германия чоң реформага муктаж. Себеби, экономикалык кризис эларалык базарда Германияга тең тайлашчу атаандаш Кытай пайда болгонун көрсөттү.

Немецтер кымбат жасачу заттарды кытайлар жакшы да, арзан да жасашат. Ырас, мыкты социалдык камсыздоо кризистин соккусун жеңилдеткени менен, анын баасы немецтер үчүн эбегейсиз кымбатка турду.

Анткени Германияда билим берүүдөн салык системасына чейин квалификациялуу жумушчуларга жана алар иштеген чоң компанияларга багытталган. Анын кесепетинен, чакан ишканалар жана алардын жумушчулары салыктар менен алым-төлөмдөрдүн, жумушка алып-бошотуунун катаал шартында иштөөгө мажбур.

Ошон үчүн, канцлер Меркелдин жаңы өкмөтү салыкты кыскартып, кымбат эсептелген саламаттыкты сактоо тармагын реформалоого катар эмгек базарындагы абалды да өзгөртүшү керек, дешет талдоочулар. Атап айтканда, атаандаштыкты күчөтүп, социалдык камсыздоо системасын ийкемдүү кылуусу абзел.

XS
SM
MD
LG