Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

Иран үстөмдүккө баш ийбей турганын айтты


Ирандын атомдук энергетика агенттигинин башчысы Али Акбар Салехи 1-октябрда өтө турган сүйлөшүүлөрдө Тегерандын “укуктары” тууралуу сүйлөшпөй турганын билдирди. Андан сырткары, Иран уран байытууну да токтотпой турганын айтты. Өлкөнүн парламенти болсо бүгүнкү билдирүүсүндө “Навада Батыш мамлекеттери Тегерандын “мурдагы каталары” тууралуу айтып туруп алышса, алар менен кызматташуудан баш тартышы мүмкүн” экенин эскертти. Иран менен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Женевада Ирандын өзөктүк программа боюнча сүйлөшөт деп күтүлүүдө. Батышта айрым мамлекеттер Иранды атомдук бомба жасап жатат деп айыпташат. Тегеран муну четке кагууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG