Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Кытай 60 жылдык мааракеге даярданууда


Кытайдагы Хэбей шаарынын тургундары майрамдык парад камылгаларын жасоодо. 2009-жылдын 26-сентябры.
Кытайдагы Хэбей шаарынын тургундары майрамдык парад камылгаларын жасоодо. 2009-жылдын 26-сентябры.

Кытай Коммунисттик бийликтин 60 жылдык мааракесине даярданууда. 1-октябрда Бээжинде мааракеге арналган парад өтөт. Буга байланыштуу өлкөдө былтыркы Олимпиада учурундагыга караганда да катаал коопсуздук чаралары көрүлүүдө.

Кытай бийлиги маал-маалы менен бейбаш балдарын теске салган ата-энеге окшоп кетет. Кытай өкмөтүнүн буйругу менен интернетте цензура киргизилип, жикчил уйгурларга жана тибеттиктерге каршы катаал чаралар колдонулуп турат.

Мына эми мамлекеттик ири майрамга карата ордо шаар Бээжин мурда болуп көрбөгөндөй көзөмөлгө алынды.

Маараке күнү - 1-октябрда буга чейинки кандуу митинг-демонстрациялардын күбөсү болгон борбордук Тянанмэн аянтын 10 миңге жакын полициячы, ал эми Бээжиндеги көзөмөл бекеттерин, митинг өтүшү ыктымал делген көчөлөрдү 800 миң ыктыярчылар кайтармакчы.

Мындан сырткары бейшемби күнү (1-октябрда) бир катар дүкөндөрдө бычактарды сатууга тыюу салынды. Бээжиндеги эл аралык аэропорт үч саатка жабылат. Ал эми парад өтчү жолдо турган аянтты үйлөрдүн терезелеринен кароого да мүмкүн эмес.

18-сентябрда парадга даярдык жүрүп жатканда, Жапониянын Кийодо маалымат агенттигинин үч журналисти терезеден карап койгон үчүн коопсуздук кызматкерлери алар турган бөлмөгө кирип барып, камакка алган. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү журналисттер буга чейин бир нече жолу берилген эскертүүлөргө баш ийбегени үчүн камакка алынганын билдирди.

Кабарларга караганда, 1-октябрда боло турган аскерий парадга Кытай армиясынын 2 миллион 300 миң жоокеринин беш миңи тартылат. Ракеталар жана башка аскерий техникалар да параддан өтүшөт. Ал эми асманда 150 учак жарышат.

Өлкөнүн коргоо министри Лян Гуанленин айтымында, бул парад башка өнүккөн өлкөлөрдөй эле Кытайдын да коргонуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин даңазаламакчы.

Былтыр Бээжинде өткөн Олимпиада оюндары Кытай ири иш-чараларга абдан мыкты даярданарын көрсөткөн. Кытайдын массалык маалымат каражаттарынын кабарлашынча, параддын катышуучулары бул иш-чарага бир нече ай бою абдан катуу даярданышкан. Маселен, парадга катыша турган жоокерлер күнүнө бир нече саат бою кыймылдабай, тикесинен тик турууга көнүккөн.

Аскерлер 1-октябрдагы парадда бир добуштан “Калкка кызмат!” жана “Жол башчыга даңк!” деп жабыла кыйкырышат.

Кабарларга караганда, 8-октябрга чейин чет элдик туристтерге Тибетке барууга тыюу салынган.

Полициячы интернет клубду текшерүүдө. Бээжин

Параддын катышуучулары катаал текшерүүдөн кийин тандалып алынды. Маалыматтарга караганда, шаарды он миллион гүл менен кооздогон жумушчулар да кылдаат текшерүүдөн өткөрүлгөн. Бул күнү Бээжинде кагаздан жасалган учактарды асманга учурууга тыюу салынды. 1-октябрдагы салтанат маалында асманга 60 миң көгүчкөн учурулары күтүлүүдө.

Асманга учурула турган көгүчкөндүн ар бири текшерилмекчи. Көгүчкөн багуучулар ассоциациясынын жетекчиси Дун Жингбейдин айтымында, террорчулар көгүчкөндүн буттарына чакан бомбаларды орнотуп коюушу мүмкүн.



Ошентип ушул тапта Кытайда чоң майрамга кызуу даярдык жүрүп жаткан кез.




Бээжиндеги Тыйуу салынган шаар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:21 0:00


Тасма. Бээжиндеги Тыйуу салынган шаар


Кытайдын байтактысынын жүрөк толтосу – айтылуу “Тыйуу салынган шаар” кан сарай комплексинде 15-кылымдан 20-кылымдын башына чейин кытай императорлору отурган. Учурда музейге айланган бул ажайып ордо тууралуу чакан тасма 2009-жылдын 25-июлунда тартылган. Т.Ч.



Рабия Кадыр: Биз террорчулукту айыптайбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:06 0:00



Тасма. Рабия Кадыр: Биз террорчулукту айыптайбыз


Бүткүл Дүйнөлүк Уйгурлар Курултайынын төрайымы Рабия Кадыр айым азыркы КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районундагы (тарыхый Чыгыш Түркстандагы) соңку кырдаал жана аймактын эгемендиги үчүн күрөш тууралуу "Азаттык" үналгысына маек куруп берди. 2009-жылдын 11-сентябры. T.Ч.



XS
SM
MD
LG