Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

Бишкекте йоддун жетишпестигине байланыштуу жыйын болот


ЮНИСЕФтин колдоосу менен бүгүн өтө турган тегерек столдо йоддун жетишпестигинен чыккан ооруларга каршы чара көрүү маселеси талкууланат. Ага Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги, депутаттар, илимий чөйрө, өкмөттүк эмес уюмдардын жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү катышат. Йоддун жетишпестигинен богок оорусу пайда болуп, ал балдардын акыл жана дене-боюнун өсүшүнө терс таасирин тийгизет.1990-жылдардын ортосунда Кыргызстанда балдардын 32%дан 82% чейинкисинде богок оорусу бар экени аныкталган.2002-жылы кабыл алынган атайын программанын ишке кириши менен абал жакшырып, калктын 76% йоддолгон туз колдоно баштаган. Азыркы мезгилде боюнда бар аялдардын 13%, балдардын 10% богок оорусу менен жабыркай турганы аныкталган.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG